Мирлан Ураимов бийликти басып алууга айыпталып кармалды

Мирлан Ураимов бийликти басып алууга айыпталып кармалды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. Анын жактоочусу Юлия Богданованын айтымында, Ураимовго социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн айып коюлууда.

Жарыяланган билдирүүдө Mirlan Uraimov  аттуу колдонуучу бийликти алмаштыруу керек, ал жакшы иштебей жатканын кыргызча жазганын жактоочу айтты.

Жактоочу Ураимов менен сүйлөшүүгө жетишкенин, ал күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.

«Мирлан Ураимов бул баракча эчак эле иштебей, аны колдонбогонун айтат. Анын айтымында, жазуу стили аныкы эмес. Билдирүүдө Курманкул Зулушевдин, президент, УКМКнын төрагасы, партия лидери Орозайым Нарматованын ысымдары аталды», — деди жактоочу.

Маалым болгондой, 25-январда лингвистикалык жана саясий экспертиза жүргүзгөн эксперттердин корутундусу чыккан. Мирлан Ураимовдун компьютердик системалык блогу конфискацияланды. «Бийликти күч менен басып алууга коомчулуктун чакырыктары» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>