Бишкек мэриясы гумжардам алуучулар кайда кайрылуусу керектигин айтты

Бишкек мэриясы гумжардам алуучулар кайда кайрылуусу керектигин айтты

Министрлер кабинети Бишкек мэриясына калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнү камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн. Аны бөлүштүрүү 4-февралда борбор калаанын бардык райондорундагы 22 пунктта башталган.

«Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө муниципалитетке турмуштук оор кырдаалда турган, калктуу конуш статусуна ээ болбогон конуштарда (жаңы курулуштар) жашаган жарандардын категориясын эске алуу тапшырмасы берилди. ӨКМ гуманитардык жардамды калк үчүн бөлүштүрүүчү пункттарга жеткирүүгө жардам көрсөттү», — деп белгиледи мэрия.

Мэрия гуманитардык жардам алууга укугу бар жарандарга төмөнкү телефон номерлерин берди:

Октябрь району — 0312510201, 0312577430;

Свердлов району — 0312530506, 0312360114, 0312360335;

Биринчи Май району — 0312670381;

Ленин району — 0312653746, 0312653892, 0312653746.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>