Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Кыргызстандагы этникалык кыргыздар пенсия ала алышабы? Жооп
17.02.2022 | 15:11
Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздар пенсия алышабы? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов парламенттик жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсаловго узатты.
“Ар кайсы чет өлкөлөрдөн көчүп келип жатса, эл аралык атайын келишимдер бар. Ага ылайык, жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсия алууга укуктуу. Өзүнүн эмгегине салыштырмалуу берилет. Маселени, Ооганстандан келген кыргыздар үчүн минималдуу пенсия чектелип жатат”– деди Байсалов.
Ал эми депутат Атажанов, Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар үчү пенсия алуу өтө оор болуп жатканын айтып, 2-3 жылдап пенсияга чыга албай жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат