Быйыл Кыргызстанда айдоо аянттары 6,4 миң гектарга көбөйтүлөт

Быйыл Кыргызстанда айдоо аянттары 6,4 миң гектарга көбөйтүлөт

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда айдоо аянттары 6,4 миң гектарга көбөйөт. Бул тууралуу кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымдады.

Анын айтымына караганда, 2022-жылы болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча жалпы айдоо аянты 1232,6 миң гектарды түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбаган айдоолорду кыскартуунун эсебинен 6,4 миң гектарга көбөйөт.

“Муну менен катар 255,5 миң гектар буудай эгилсе, май өсүмдүктөрүнүн аянты 25 миң гектар, дандык жүгөрү аянты 110 миң гектар болоору болжолдонууда. Ошондой эле күрүчтүн айдоо аянты 12,5 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 526 гектарга көп себилсе, картөшкөнүн аянты 77 миң гектар же өткөн жылдан 2,1 миң гектарга көбөйөт. Кант кызылчасы болсо 14,5 миң гектарга себилип, 2021-жылдан 4,2 миң гектарга көп айдалат”,- деди министр.

Ошондой эле, “Айыл Банк” аркылуу жылдык 4,5% менен 2 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө чарбаларга жана дыйкандарга үрөндөр берилет.

“Чет мамлекеттерден алынып жаткан жаздык буудай үрөнү 45,30 сомдон (элита), арпа 53,85 сомдом, софлор 112 сомдом, күн карама 399 сомдон, соя 90 сомдон сатылат”, – деп кошумчалады ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>