Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Кыргызстанда рублдун курсу түшүүдө
24.02.2022 | 14:14
Кыргызстандын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруучу жайлары орус рублин арзан сатып алууда. Тагыраак айтканда, бир рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.
“Кыргызстан коммерциялык банкында”, “Керемет банкында” жана “Кыргыз инвестициялык кредит банкында” рублдин сатып алуу курсу 0,70 сомдун тегерегинде, сатуу 1,07 – 1,09 деп белгиленген.
Ал эми Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында рублдин курсу 85 тыйындын тегерегинде кармалып турат.
Ошол эле учурда Улуттук банкта рублдин расмий курсу 1, 0545 сомду түздү.
Белгилей кетсек, Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу орус рублинин курсу түшүп баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика