ТИМ кыргыз жарандарын Украинага барбай турууга чакырат

ТИМ кыргыз жарандарын Украинага барбай турууга чакырат

Тышкы иштер министрлиги жарандарды Украинага барбай турууга чакырат. Бул маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда, Украинада азыркы кездеги кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Украинада жайгашкан мекендештерибизге келген өлкөнүн мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерин сактап, жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүп, ал эми Украинага барууну пландаштырган мекендештерибизге жолго чыкпоону өтүнөт.

Элчилик Украинанын аймагындагы кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.

Ошондой эле ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348,  элчиликтнтин «WhatsApp»  тайпасы;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 – ыкчам номерлер;

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>