Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Аламүдүн базарындагы акча алмаштыруучу жайлар жабылды
24.02.2022 | 15:34
Бишкектеги “Аламүдүн” базарынын жанындагы акча алмаштыруучу жайлар жабылды. Бул тууралуу Reporter.kg кабарчысы билдирди.
Анын божомолунда бул жагдай Украинадагы окуяларга байланыштуу. Орус-украин кризисинен улам орус рублинин наркы төмөндөдү.
“Акчабар” финансы порталы экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Украинадагы кырдаал Кыргызстандын экономикасына сөзсүз түрдө таасирин тийгизерин, анын ичинде улуттук валютага болгон басым болот. Кыргызстан азыр Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепеттерин сөзсүз сезет”– деген пикирин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика