7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Элчилик Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоого даярданып жатат
25.02.2022 | 13:22
Украиндагы соңку кырдаалга байланыштуу, ал жакта убактылуу жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин элчилик карап жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Украинанын аймагында 1357 кыргызстандын жараны жүрөт, анын ичинен 680и элчиликте каттоодо турат. Бүгүнкү күндө Украинандан чыгып кетүү үчүн Украинадагы Кыргызстандын элчилигине 300дөн ашык кайрылуулар келип түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат