Кыргызстанда тигүүчүлөр жумушсуз калды. Ага эмне себеп?

Кыргызстанда тигүүчүлөр жумушсуз калды. Ага эмне себеп?

Доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу орусиялык ишкерлер Кыргызстандан тигилген кийимдерге буйрутма берүүнү токтотушкан. Бул тууралуу Reporter.kg′ге тигүү тармагынын кызматкерлери билдирди.

«Бизге азыр колубуздагы кийим-кечектерди бүтүрүп, үйгө кетүүнү цех кожоюндары айтышты. Анткени, кардарлар азырынча кийим-кечеге буйрутма бере албай турганын билдиришиптир.  Биздин цехте эле 54 аял жумушсуз калган. Коңшу цехке эртеңкиге жумуш кылайын деп барсам, алар да ошол жерде акыркысын бүтүрүп жатышкан экен. Цехтин ээси аларда да 21 адам жумушсуз калганын айтты», — деди тигүүчү Гүлнара Исаева.

Акыркы эки сааттын ичинде редакцияга беш адам кайрылды. Баары тең бийликтен тигүү цехтери  үчүн буйрутма табууга колдоо көрсөтөт деп үмүт артышууда.

«Менин цехимде 47 адам иштейт. Кечээ орустар буйрутмаларды бериши керек болчу, бирок эртең менен бардык кардарлар буйрутмаларды белгисиз мөөнөткө жылдырышты. Азырынча жумуш жок, качан болору да белгисиз экенин кызматкерлериме кантип айтарымды билбейм. Алардын көбү көп балалуу жалгыз бой энелер. Кайда барышат?», — деп суроо салды  тигүү цехинин ээси.

Азырынча тигүүчүлөр ассоциациясынын жетекчилери менен байланышып комментарий ала алган жокпуз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>