Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
Салык кызматы эки айда канча салык жыйнады?
03.03.2022 | 10:28
2022-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бекитилген план 103,9 %га аткарылды же 987,3 млн сомго ашык чогултулду. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү. Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика