Бишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөтНарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып берди
Салык кызматы эки айда канча салык жыйнады?
03.03.2022 | 10:28
2022-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бекитилген план 103,9 %га аткарылды же 987,3 млн сомго ашык чогултулду. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү. Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика