«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Абайлагың айдоочу! Кар көчкү түшүп, жолдор тайгалак болот
22.03.2022 | 09:41
22-марттан 23-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Кооптуу аймактардын тизмеги:
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101 чакырымында,
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымында,
- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Талдык ашуусу) 160-179 чакырымында,
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы),
- 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы), Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси),
- 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында,
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сөөк ашуусу) 52-68 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар