Навальный 9 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесилди

Навальный 9 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесилди

Москванын Лефортово райондук соту Алексей Навальныйды алдамчылык жана сотту мазактоо беренелери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тогуз жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Судья алдамчылык жана сотту мазактоо боюнча ишти жайдан тышкаркы отурумдарда Навальный жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Владимир облусундагы колонияда карады.

«Навальныйды тогуз жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесүүнү жана 1 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынсын», — деди судья.

Мамлекеттик айыптоо Навальныйга мурда чыгарылган өкүмдү, 13 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтүүнү жана 1 миллион 200 миң рубль айып пул төлөөнү эске алуу менен жазалардын жалпы санынын негизинде сурады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>