Жакынкы айларда Орусиядан 70 миңден 100 миңге чейин IT-адиси чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Baza басылмасы Орусиянын Электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого шилтеме кылып кабарлады.
Плуготаренконун айтымында, февралдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин Орусиядан 50 миңден 70 миңге чейин IT-адиси чыгып кеткен.
«Өлкөдөн кеткен IT-адистердин саны мындан да көп болмок. Буга авиабилеттердин кымбаттыгы, турак-жай бааларынын кескин жогорулашы жана транзакцияларды жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги себеп болду», — деди Плуготаренко.
Буга чейин эмиграцияда жүргөн орусиялык оппозициячылар менен коомдук ишмерлер Орусиянын согушка каршы комитетин түзүшкөн. Анын негизги максаттарынын бири – Украинадагы согуштан улам мекенинен чыгып кеткен орусиялыктарды колдоо болуп эсептелет.
Комитеттин мүчөлөрү «Путиндик Орусияда жашоого мүмкүн эмес деп эсептегендерге» чет өлкөлөрдө документтерди топтоого, виза алууга, банк эсептерин ачууга жана юридикалык маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убадалашкан.