Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

04.04.2022 | 17:19

Акын Омор Султанов каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, көптөгөн популярдуу чыгармалардын, романдардын, сценарийлердин жана котормолордун автору болгон акын 3-апрелде каза болгон.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында туулган.

Акын менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эртең, 5-апрелде саат 10.00дө болот.

Омор Султановдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Scroll to Top