Жумгалда эки жаштагы бала сууга чөгүп кетти

08.04.2022 | 10:47

Жумгал районунун Чаек айылында эки жашар наристе сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы туулган бала Жумгал дарыясына агып кеткен. Аны издөөгө ӨКМдин 9 куткаруучусу, милициянын 8 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Маалым болгондой, баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Scroll to Top