Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Бишкек: Кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди
08.04.2022 | 11:12
Бир күн мурун Бишкектин Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кызды сүзүп өлтүргөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.
Эскерте кетсек, кечээ, 7-апрелде “Субару Форестер” унаасынын айдоочусу алгач “Орел” үлгүсүндөгү унааны сүзүп, качып баратып кызды сүзгөн.
Кыз шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Бирок дарыгерлер анык сакта кала алышкан эмес, кыз алган жаракатынан улам каза болгон. Ал 26 жашта болчу.
Кыз каза болуп калды. Мас айдоочу алгач унаа, андан соң кызды сүзгөн
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар