Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Шашылыш билдирүү: Айрым аймактарда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө
11.04.2022 | 09:00
11-12-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Алар:
• Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу),
• 198-255 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
• Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
• Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу),
• Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, айрым жерлерде жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар