Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
УКМК: Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси пара менен кармалды
23.04.2022 | 12:21
21-апрелде Финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды. Бул туурасында Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, 21-апрель күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен М.С.Ш. кармалган.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар