Бүгүн, 25-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгил менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.