Чукул билдирүү: Бүгүн өлкө аймагы боюнча туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Чукул билдирүү: Бүгүн өлкө аймагы боюнча туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Бүгүн,  25-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгил менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок  болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>