Өлкөдө жаан жаайт: 23-апрелге карата аба ырайыКыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайы
Бир аптада банктар аралык соодада доллар 2,3% га кымбаттады
25.04.2022 | 10:55
Өткөн аптада Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 44 миллион 820 миң доллар сатып алышкан. Мындай маалыматтарды республиканын Улуттук банкы берет.
Америка валютасынын орточо сатып алуу курсу 1 доллар үчүн 82,235 сом деңгээлинде болду. Дүйшөмбү күнү, 18-апрелде соода 81 сом менен ачылса, жума күнү, 22-апрелде сооданын жабылуу курсу 82,86 сомду түздү. Аптадагы өсүш 2,3%.
Кошумчалай кетсек, бир жума мурункуга салыштырмалуу коммерциялык банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап дээрлик эки эсеге өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика