Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бир аптада банктар аралык соодада доллар 2,3% га кымбаттады
25.04.2022 | 10:55
Өткөн аптада Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 44 миллион 820 миң доллар сатып алышкан. Мындай маалыматтарды республиканын Улуттук банкы берет.
Америка валютасынын орточо сатып алуу курсу 1 доллар үчүн 82,235 сом деңгээлинде болду. Дүйшөмбү күнү, 18-апрелде соода 81 сом менен ачылса, жума күнү, 22-апрелде сооданын жабылуу курсу 82,86 сомду түздү. Аптадагы өсүш 2,3%.
Кошумчалай кетсек, бир жума мурункуга салыштырмалуу коммерциялык банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап дээрлик эки эсеге өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика