“Керемет Банктын” алдамчылык аракеттери ачыкталды

“Керемет Банктын” алдамчылык аракеттери ачыкталды

97,45% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Керемет Банк» ААКсынын өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу менен ири өлчөмдөгү кредиттерди берүү жолу менен активдерин мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан А.К.га тиешелүү 5 жеке компанияга 2,6 миллион АКШ доллары жана 323 миллион сом өлчөмүндө кредит берүүгө макулдук берилгени аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен «Керемет Банк» ААКга келтирилген зыяндын орду толук толтурулган. Ошентип, күрөөгө коюлган мүлк “Керемет Банк” ААКнын пайдасына 406 946 950 сом өлчөмүндө камсыздалган жана кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөө графиги бузулган учурда бул кыймылсыз мүлк мамлекеттик банктын кирешесине айландырылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>