Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, “Сиздин Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармак колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүн-өзү билемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?”- деген суроосуна жооп берди.
“Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз.
Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду”-деди.