Садыр Жапаров: Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем

Садыр Жапаров: Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, журналисттин “оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?”- деген суроосуно жооп берип жатып элдин колдоосу туурасында кеп козгоду.

Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле. Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм. Ошондуктан баш аламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз. Аларга кийин “элдин уулу эле, боштондук” деп кыйкырып чыкпагыла”- деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>