Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевге баа берди

Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевге баа берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, “Сиздин Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармак колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүн-өзү билемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?”- деген суроосуна жооп берди.

Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду”-деди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>