Кечээ Зеленский АКШнын мамлекеттик катчысы жана коргоо министри менен жолукту

Кечээ Зеленский АКШнын мамлекеттик катчысы жана коргоо министри менен жолукту

24-апрелде Киевге барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен коргоо министри Ллойд Остин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

Бул маалыматты дүйшөмбү күнү эртең менен Зеленский да, Украинадан Польшага барган АКШнын өкүлдөрү да ырасташты.

Варшавада сүйлөгөн Блинкен Украина Орусияга каршы согушта «ийгиликтерге жетишип жатканын» белгилеп, сапардын негизги максаты – АКШнын Украинага жана украин элине болгон колдоосунун жогорку деңгээлин көрсөтүү болгонун айтты.

Сапардын жыйынтыгында Украинага аскердик көмөк көрсөтүүнүн алкагында АКШ 300 миллион долларлык жаңы жардамдын топтомун бере турганы жарыяланды. Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө АКШ элчилигин Киевден Львов шаарына көчүрүү маселеси да талкууланды.

Орусия Украинага басып киргенине эки ай болду. Москва менен сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк жекшемби күнү билдиргендей, орус күчтөрү Мариуполь шаарындагы украин күчтөрүнүн акыркы чордонуна айланган «Азовсталь» заводун аткылоону улантып жатат. Подоляк Москваны Пасха майрамына байланыштуу ок атышууну токтотууга чакырды.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин «Азовсталь» заводуна чабуул коюуну токтотууну, бирок өндүрүштүк жайдын айлана-тегерегин «чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү» буюрган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>