Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Жыл башынан бери 66,9 млн сомго мыйзамсыз алкоголь алынды
02.06.2022 | 10:51
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жыл башынан бери республика боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн 66,9 млн сомго 224 миң 686 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алышты.
Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, анын ичинен май айында 40,3 млн сомго 88 миң 717 бөтөлкө алкоголь тартып алынган.
Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу алкоголдук продукцияны сатуу, ошондой эле товарды сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтердин (сертификат, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) жоктугу менен байланышкан.
Ишкерлерге карата өлкөнүн мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлүп, бир катар субъекттер боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика