Депутат 1-июнду эс алуу күнү кылууну сунуштады

Депутат 1-июнду эс алуу күнү кылууну сунуштады

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 1-июнь – Балдардын укугун коргоо күнүн эс алуу күнү кылууну сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдө саясий майрамдар көп, бирок үй-бүлөлүк майрамдар аз.

“Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, 1-июнь –  Балдардын укугун коргоо күнүн майрамдык күн катары, эс алуу күнү кылуу керек. Мен бул мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгууга даярмын”, — деди ал.

Ошондой эле, Дастан Бекешев Бишкек шаарында жайгашкан балдар үйүнө барганын жана ал жакта асырап алууга муктаж болгон балдар көп экенин айтып, тилекке каршы асырап алуу тартиби абдан оор экенине токтолду.

“Бул тартипти өзгөчө биздин жарандар үчүн жеңилдетүү керек. Мындай иштер абдан татаал болгондуктан кээ бири асырап алуудан дагы баш тартышууда”, — деди эл өкүлү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>