Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Д.Бекешев бала асырап алуунун жолдорун жеңилдетүүнү сунуштады
02.06.2022 | 12:27
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдарды асырап алуунун жол-жобосун жеңилдетүүнү сунуштоодо. Мындай сунушун ал бүгүн, 2-июнда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, балдар үйлөрүнүн балдарын багып алуунун азыркы тартиби өтө татаал болгондуктан, бул процедурадан баш тарткандар көп.
«Балдар үйлөрүндө балдарды кантип кармоо керек, мамлекет аларды абдан жакшы багып, каржылык жактан камсыз кылса дагы, алар үйүндө бергендей тарбия бербейт, муну сиз жакшы билесиз», – деди Бекешев.
Депутат жетим балдардын орто жана жогорку билим алуусуна шарт түзүү керектигин кошумчалады.
«Биз ЖОЖдордо бекер жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн караштырышыбыз керек», – деп жыйынтыктады ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом