Каракол—Эңилчек унаа жолу ачылды

Каракол—Эңилчек унаа жолу ачылды

Каракол—Эңилчек унаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-майда нөшөрлөп жааган жаан карга айланып, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолоруна калың кар жааган.

Райондун малчылары жайлаган Сырт өрөөнүнө 55 сантиметрге чейин жааган кардан улам, жолдор жабылып малчылар менен байланыш убактылуу токтогон.

Кечээ, 1-июнда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн башчысы Т.Асакеев менен биргеликте саат 20:00дө Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна жөнөп кетишкен.

Ошондой эле калың жааган кардан улам, Каракол – Эңилчек унаа жолуна көчкү түшуп, жол жабылган. Жеринде 15 техника иш алып барып, учурда Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери улантылууда.

Тоют жеткирип барган автоунаалар жерине барып, кайра кайтып келүүдө. Жолдо калып калган автоунаалар жок. Сырт өрөөнүндө табигый кырсыктан өлгөн малдын саны жана чыгымы такталууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 29-майдан 30-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек автоунаа жолуна 4 жерден 80 000 чрчы метр кар кѳчкү түшүп, тазаланган.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Ак-Суу районунун 15 чактыдай тургундары Каракол-Эңилчек автоунаа жолунда бир нече автоунаа калып калгандыгы тууралуу кайрылышкан.

Маалымат түшөөр замат өкүлдүн биринчи орун басары У.Далиев жетектеген штаб уюштурулуп, тийиштүү мекеме ишканаларга тез арада кырдаалды жоюу боюнча тапшырма коюлган жана инженердик техникаларды көчкү түшкөн аймакка тартууну уюштурган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>