Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылы төлөп бүтүрөрүн билдирдиӨкмөт жыгачты ЕАЭБден сырткары ташып чыгууга тыюу салууну узартты2025-жылы Кыргызстанда 715 млн долларга 119 өнөр жай объектиси ишке киргизилдиКыргызстанда үч жогорку окуу жай Кыргыз улуттук университетке кошулат. Өкмөт токтом кабыл алдыКыргызстандын түштүгүндө эки көмүр кени ишке кирдиПакистандан келе жаткан 21 тонна уй эти өлкөгө киргизилген жок
Бүгүн А.Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат
04.06.2022 | 11:06
Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда камактагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы тандалат. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров билдиргенин “24.kg” жазды.
«Мен аны менен жолуккум келди, УКМКнын СИЗОсуна келип, бир саат күттүм. Бирок кийин мага Алымкадыр Бейшеналиевди алып кетишкенин айтышты. Кыязы, УКМКнын тергөө бөлүмүндө», — деди Кайсын Абакиров.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, экөө пара талап кылуу, төртөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча козголгон.