Финансы министрлигинде эмгек акы төлөө системасын реформалоо маселеси талкууландыПрезидент Садыр Жапаров Элдик Курултайдын датасын өзгөрттүАлматыда Борбор Азия өлкөлөрү айлампа экономика маселелери боюнча жыйын өткөрдүСигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү бийликтен кеттиСокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалдыАлдамчылыкка шектелген адвокат кармалды
Баткен: Лейлекте сел жүрдү
09.06.2022 | 08:55
8-июнь күнү кечки саат 18:20лар чамасында Лейлек районунун аймагында нөшөрлүү жаан жаап, тоо кыркаларынан сел жүргөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине куткаруучулар жана жетекчилер кошо барды.
Лейлек райондук №13 жол тейлөө ишканасынын балансындагы Раззаков-Коргон-Катраң авто жолунун 1 чакырымында жана жол каттамынын айрым жерлерине кум, шагыл түшкөн. Жол каттамы үзгүлтүккө учураган эмес.
Ал эми Катраң айылынын Шоро участкасынын болжолдуу 300м аралыктагы ички чарбалык арык кум шагылга толгон.
Калыбына келтирүү иштерине бир бирдик авто грейдер, Катраң айыл аймагынан 1 бир бирдик авто жүктөгүч тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар