Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Бишкекте ККМди орнотууга каршы митинг өтүүдө
13.06.2022 | 10:57
Бишкекте ККМди милдеттүү түрдө орнотууга каршы кезектеги митинг өтүүдө.
Өкмөт үйүнүн алдына 50гө жакын ишкер нааразылык акциясына чыкты. Алар бийликтен кассалык аппараттарды милдеттүү орнотууну жокко чыгарууну талап кылышууда.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери да жүрүшөт. Алардын бири жакында митингчилер менен министрлер кабинетинин өкүлдөрү жолугуп, алардын суроо-талаптарын кайрадан угарын билдирди.
Митингчилер өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкен. Эски аянтка башка ишкерлер да келе жатканын айтышууда.
Эске салсак, ККМге каршы митингдер акыркы жарым жылдан бери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом