Милициянын унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы (видео)

Милициянын унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы (видео)

Бишкек — Торугарт автожолундагы милициянын кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча инспектор кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-июнь күнү саат 20:30 да Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда Бишкек—Торугарт автожолунун 12,3-чакырымында “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү кызматтык унаанын айдоочусу батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жаткан жаран И.К. башкаруусундагы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан деген маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБдин электрондук маалымат журналына катталган. Окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, жол кырсыгына кабылган автоунаалар токтотуучу жайга киргизилген.

“Дэу-Тико” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф,Б, болгон. Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н.Б. болуп чыккан. Аталган унаада жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н.Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>