Камактагы Алмазбек Атамбаевдин абалы кандай экени айтылды

Камактагы Алмазбек Атамбаевдин абалы кандай экени айтылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын медициналык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Жыйынтыкта көрсөтүлгөндөй, үч жылдан бери камактагы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу дароо начарлап кеткен. Бул камалганга чейин жана андан кийин алынган анализдердин жыйынтыгында көрсөтүлгөн. 2018-жылкы текшерүүлөрдө анын жүрөгү жана артериясы таза болуп чыкса, эми компьютердик томографиядан анын жүрөгүнүн коронардык оорусу, стенокардия жана атеросклероз оорулары пайда болгон.

“Ушул жылдын 23-мартында жазаларды аткаруу мекемесинин кызматкерлеринин күч колдонуу менен мамиле кылуусунан улам, тактап айтканда, аны колунан жана бутунан кармап, камерадан мажбурлап чыгаргандан кийин МРТден анын омурткаларында грыжа пайда болгону аныкталган. Мындан улам анын мээ жүлүнүнө таасир тийген жана катуу оору пайда болгон. 23-марттан кийин мурунку президенттин абалы дароо начарлап, далындагы оору күчөп кеткен. МРТнын жыйынтыгында кызматкерлер Атамбаевдин омурткасын катуу оорутушканын аныкталган”, — деп жазылат текшерүүнүн жыйынтыгында.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Атамбаевге 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча да айып тагылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>