Нарын облусунда эки ашуу жана бир жол тилкеси жазга чейин жабылдыУКМК ишкерден акча талап кылууга шектелген эки адамды кармадыКыргызстанда ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча бирдиктүү стандарт иштелип чыктыМосквада Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуктуСадыр Жапаров ЖККУ жыйынында: Кыргызстан жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулатКлиматтын өзгөрүшүн КРнын мектеп программаларына киргизүү сунушталууда — долбоор
Бишкекте ККМди орнотууга каршы митинг өтүүдө
13.06.2022 | 10:57
Бишкекте ККМди милдеттүү түрдө орнотууга каршы кезектеги митинг өтүүдө.
Өкмөт үйүнүн алдына 50гө жакын ишкер нааразылык акциясына чыкты. Алар бийликтен кассалык аппараттарды милдеттүү орнотууну жокко чыгарууну талап кылышууда.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери да жүрүшөт. Алардын бири жакында митингчилер менен министрлер кабинетинин өкүлдөрү жолугуп, алардын суроо-талаптарын кайрадан угарын билдирди.
Митингчилер өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкен. Эски аянтка башка ишкерлер да келе жатканын айтышууда.
Эске салсак, ККМге каршы митингдер акыркы жарым жылдан бери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом