Бүгүн, 14-июнда Республикалык кан борбору Улуттук кызыл жарым ай коому менен биргеликте жана Бишкек мэриясынын колдоосу аркылуу донордук канды чогултуу боюнча масштабдуу акция өткөрүүдө.
Белгиленгендей, акция Asia Mall соода борборунун 2-кабатында өтөт. Донорлорду каттоо саат 09:00дө башталды.
«Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнүнүн быйылкы урааны: “Кан тапшыруу – тилектештик актысы. Донор бол жана адамдардын өмүрүн сактап кал!», — деп айтылат билдирүүдө.
Жыл сайын 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленет.