Мектептерде күзгү каникулдун датасы белгилүү болдуМедер Абакиров Люксембургда өткөн жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдүАсман шаарын кытайлык ишкана курат. Бээжинде меморандумга кол коюлдуОшто шайлоо урнасын уурдоого шектелген жарандар кармалдыУТРКнын башкы директору алмаштыФинансы министрлигинде эмгек акы төлөө системасын реформалоо маселеси талкууланды
Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти
16.06.2022 | 12:04
Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.
Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштин алкагында ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом