Кыргызстанда кайсы аткаминерлер жан сакчы менен жүрүшөт?

Кыргызстанда кайсы аткаминерлер жан сакчы менен жүрүшөт?

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында “Мамлекеттик күзөт жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында белгилүү болгондой, мыйзам долбоору  мамлекеттик күзөт органынын ишин жакшыртуу, аны Кыргызстандын Конституциясына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев мамлекеттик күзөт кызматтары тарабынан кимдер кайтарыларын сурады.

Өз кезегинде УКМКнын алдындагы 9-кызматтын жетекчиси Жумгалбек Шабданбеков президент Садыр Жапаров жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана экс-президенттер кайтарылып келгенин айтып, жаңы мыйзам долбооруна ылайык Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Өскөнбаев да кайтарыларын билдирди.

Ошондой эле депутат Алишер Козуев Жумгалбек Шабданбековго кайрылып, кызматтын жетекчиси катары кызматкерлердин ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик аласызбы деген суроо узатты. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков “Бардыгын жеке көзөмөлдөп, кызматкерлерди тандоодо тажрыйбасын, эмгек стажын карайбыз”, – деп жооп берди.

Мындан тышкары депутат Жеңишбек Токторбаев менен Дастан Бекешев экс-президенттерди кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин айтып, бул жаатта мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин кошумчалашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жан сакчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>