11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштадыКудрет Тайчабаров үй камагына чыктыТИМ мамлекеттик протокол тууралуу мыйзамды жаңылоону сунуштоодоСадыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алдыКара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду
Баткен: Ош-Баткен-Раззаков жолу бир тараптуу ачылды
17.06.2022 | 19:48
Бүгүн, 17-июнь күнү кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам саат 13:40дар чамасында Лейлек районунун Коргон айылындагы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 320-325 чакырым аралыгында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 14:50дө ыкчам топ менен кошо №13 Жол тейлөө ишканасынан 2 хово,, 2 жүктөгүч жана 1 грейдер техникасы тартылып, саат 16:00дө Ош-Баткен-Раззаков жолу бир тараптуу ачылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар