Эми аткезчилик менен товар ташыгандардын унаалары конфискацияланат

Эми аткезчилик менен товар ташыгандардын унаалары конфискацияланат

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>