11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштадыКудрет Тайчабаров үй камагына чыктыТИМ мамлекеттик протокол тууралуу мыйзамды жаңылоону сунуштоодоСадыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алдыКара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду
Ошто жүк ташыган унаа алты адамды басып калган, бирөө ымыркай
24.06.2022 | 14:46
Ошто оодарылган жүк ташуучу унаа 6 адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалыматка караганда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө «HOWO» үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып кетип, 6 адамды басып калган.
Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, ӨКЧК Түштүк борборунан 1 кран жана 9 куткаруучу тартылышкан.
Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом