Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Бишкекте эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти – сүрөт
24.06.2022 | 14:57
Бишкектин Ленин районунда эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тараган.
Өрт тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Жалын Жунусалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеке турак үйдөн чыккан.
«Өчүрүү иштерине ӨКМдин 4 өрт өчүрүү бөлүмү, штаб жана бир суу ташуучу тартылган. Өрт саат 03:57де локализацияланып, саат 5:23тө толугу менен өчүрүлгөн», – деп билдиришти ӨКМден.
Каза болгондор жана жабыркагандар жок экени белгиленүүдө. Окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Учурда экспертиза дайындалды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом