Ошто жүк ташуучу унаа басып калган 3 жаш бала каза болду

Ошто жүк ташуучу унаа басып калган 3 жаш бала каза болду

Ош шаарында жүк ташуучу унаа оодарылып, 3 адамды басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калган. Кырсыктан 3 жаш бала каза болгон.

Жеринде Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу иш алып барууда, кошумча Ош шаардык №13 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды.

Кырсык катталган жерге ИИМ, “Тез жардам” кызматы тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>