Президенттик администрация “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” акциясына катыштыКФБ жана Стамбул биржасы алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташатТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмаштыКара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилди
Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу Меккеге барды
27.06.2022 | 09:52
Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу Меккеге барды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ажыларды уюштуруу штабынын кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырышты.
«Медина шаарынан Мекке шаарына чейинки аралыкта ажыларга ыйык Харам мечитине кирүү шарттары жана умра кылуунун тартиби түшүндүрүлдү. Муну менен катар Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү графиктерди сактоону түшүндүрдүк», – деди ажы башчы Абдулла Акпарали уулу.
Мекке шаарына жалпы 2766 кыргызстандык жаран ажылык амалын аткаруу үчүн барышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом