Бажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсизДональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыяладыКөтөрүп чапкан: милиция мушташкан эркектерди РИИБге өз эрки менен келүүгө чакырды
Президент Кара-Көлдүн мэрин алмаштырды
29.06.2022 | 17:07
Талайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.
“Тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конкобаев Талайбек Тажиматович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Президенттин дагы бир тесмесине ылайык, Алмазбек Балташов Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Рубрики: Жаңылыктар, Коом