Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Каракол шаарындагы “Ак-Тилек+” базарынан өрт чыкты
02.07.2022 | 11:31
Бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы “Ак-Тилек +” базарында контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 өрт-куткаруу кызматына кабарланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык катталган жерге Каракол шаардык N15 Өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде өчүрүү иштери жүрүүдө.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда. Толук маалымат тактоо иштеринин жыйынтыгы менен берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом