Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк менен алектенген чет элдик жарандар кармалды

Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк менен алектенген чет элдик жарандар кармалды

Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк менен алектенген чет элдик жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалым болгондой, медициналык окуу жайлардын 10 студенти — Индия, Пакистан жана Бангладеш жарандары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда каттоосу жок Бишкек шаарында миссионердик ишмердүүлүк жүргүзүшкөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чет өлкөлүктөрдү республикада жүргөндө улуттук мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырат. Билим берүү мекемелеринин жетекчилигине чет элдик студенттерди мыйзамсыз диний иштерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталды», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>